Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Кимчи фестивалы жана кореялык шараптын дегустациясы өтөт

Курманжан датканын эстелигинин алдындагы аллеяда “даамдуу” иш-чара уюштурулат

2022-жылдын 29-октябрында Бишкек шаарында Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги тарабынан уюштурулган «Кореялык Кимчи фестивалы жана салттуу шараптын дегустациясы» өтөт.

2013-жылы кимчи жасоо маданияты ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурас статусун алган.

Кимчи, Корей шараптарын даамдоо фестивалы, кимчи жасоону жана салттуу суусундуктардын ар кандай түрлөрүнүн дегустациясын жайылтуу жана уюштуруу аркылуу корей ашканасын  салттуу суусундуктарын таанытуу үчүн маанилүү окуя болуп саналат.

Иш-чара Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеяда саат 11:00дөн 15:00гө чейин өтөт.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы бардыгыңыздарды  дем алыш күндөрдү кызыктуу өткөрүүгө чакырат!

Бишкек мэриясы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх