Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дубайдагы эң бийик имарат кыргыз желегинин түстөрүнө боёлгон (видео)

 

Садыр Жапаров БАЭге сапарын аяктады

Кечээ Дубайдын эң бийик имараты Бурдж Халифа кыргыз желегинин түстөрүнө боёлду. Бул тууралуу видеону КР президентинин басма сөз катчысы Ербол Султанбаев социалдык тармакка бөлүштү.

Мындай сый-урмат Садыр Жапаровдун БАЭге болгон иш сапарына байланыштуу берилгени такталды.


Эске сала кетейин, Садыр Жапаров 30-октябрдан 1-ноябрга чейин Бириккен Араб Эмираттарында расмий иш сапары менен жүрөт.

Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти БАЭнин башчысы шейх Мохаммед бин Заид Аль Нахайян менен жолугушту.
Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду, анын ичинде 1 миллиард 200 миллион долларга чейинки ири өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга багытталган уставдык фонду 100 миллион доллар болгон биргелешкен холдингди түзүү.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх