Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Россия Кыргызстанга жугуштуу ооруларды аныктоочу мобилдик жабдууларды тапшырды (фото)

Кошумчалай кетсек, эмдөө программасы быйыл В гепатитине каршы 450 миң доза вакцина менен камсыздалышы күтүлүүдө

31-октябрда КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигине Орусиядан мобилдик жабдуулар келип түштү. Жардам Роспотребнадзор тарабынан Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө жугуштуу оорулардын алдын алуу жана диагностикалоо кызматтарын колдоонун алкагында көрсөтүлдү.

 

Мобилдик жабдууларды тапшыруу аземине КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, ошондой эле мобилдик медициналык комплекстерди иштеп чыгуу жана чыгаруучу "ДжиСиМед" ЖЧКсынын директорунун орун басары Светлана Хилкевич катышты.

Арыкбаева россиялык тарапка эффективдүү эпидемиологиялык көзөмөлдөө тутумун түзүүгө жана Кыргызстанда жугуштуу оорулардын алдын алуу жана диагностикасын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Нарын облустук СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборуна Камаз үлгүсүндөгү унаанын негизинде көчмө дарылоо-профилактикалык комплекс, ошондой эле ГАЗОН унаасынын негизинде көчмө эмдөө комплекси келип түштү. Республикалык иммунопрофилактика борбору. Эмдөө программасы ошондой эле быйыл 450 000 доза В гепатитине каршы вакцина менен камсыз кылуусу күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Роспотребнадзор калкты бекер профилактикалык текшерүүдөн, анын ичинде ВИЧ/СПИДге вирустук гепатит жана сифилиске экспресс-тесттен өткөрүүчү КАМАЗ базасындагы беш мобилдүү клиниканы (Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарында) Кыргызстанга өткөрүп берген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх