Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык мушкерлер 4 коло медалга ээ болушту

Кечээ биздин спортчулар жарым финалда утулуп калышты

Иорданиянын борбору Амман шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын 4 мушкери жарым финалда жеңилип калды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына кыргызстандык мушкерлердин жарым финалдык беттештери боюнча комментарий берди.

«Кечээ Кыргызстандын 4 мушкери жарым финалдык беттешин өткөрдү», - деп билдирди ведомствонун басма сөз кызматы. — Бирок, тилекке каршы, алардын бардыгы тең жарым финалда атаандаштарынан утулуп калышты. Ошого карабастан Кыргызстандын бокс боюнча курамасында 4 коло медаль бар, бул да жакшы жетишкендик.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх