Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Манас” эпосу “Tashkent Book Fest – 2022” эл аралык көргөзмөсүндө Гран-при алды

Көргөзмөгө 88 уюм, анын ичинде Улуу Британия, Россия жана Түркиянын белгилүү басмаканалары катышты

Жакында Өзбекстанда “Tashkent Book Fest – 2022” III Ташкент эл аралык китеп жарманкеси болуп өттү. Көргөзмөнүн баш байгесин Кыргызстан тарабынан сунушталган “Манас” эпосунун китептеринин сериясы жеңип алды.

Vesti.kg сайтынын редакциясы комментарий алуу үчүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматына кайрылды.

-“Tashkent Book Fest – 2022” III Ташкент эл аралык китеп жарманкесинде “Манас” эпосу сынактын баш байгесин жеңип алды, - деп билдирди башкармалыктын басма сөз кызматы. — Көргөзмөгө 88 уюм, анын ичинде Улуу Британия, Россия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдүн атактуу басмаканалары катышты. Ар бир өлкө өзүнүн китебин тартуулады. Кыргызстанда “Манас” эпосунун китептеринин сериясы тартууланды. Калыстар тобу кыргыз эпосун эң чоң, түйшүктүү, жаратман эмгек катары баалап, тааныды.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх