Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктар АКШда өткөн күрөш боюнча эл аралык турнирде алтын утушту

Мелдештин мыкты катышуучусу деп спортчубуз Жумашбек уулу Тайырбек табылды

АКШда өткөн эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Билл Фаррелдин мемориалына арналган эл аралык турнирде кыргызстандыктар алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт башкармалыгынан билдиришти.

«Мелдештер өткөн жумада өттү», - деп билдирди департамент. - Жумашбек уулу Тайырбек эркин күрөш боюнча 65 килограмм салмакта 1-орунга ээ болду. Орозобек Токтомамбетов 74 килограммга чейинки категорияда күч сынашкан катышуучулардын арасынан жеңишке жетишти. Кошумчалай кетсек, Жумашбек турнирдин мыкты спортчусу деп табылды. Грек-рим күрөшү боюнча Азисбеков Атабек менен Шаршенбеков Тынар алтын медаль, Айтбеков Мелис менен Асыкеев Калидин күмүш медалга ээ болушту. Турнирге Кыргызстандан келген эл аралык калыстар Азамат Бекмырзаев жана Улан Деркембаев калыстык кылышты.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх