Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте хоккей боюнча “Bishkek Arena Cup” эл аралык турнири өттү

Турнирдин катышуучуларынын жана конокторунун айтымында, мелдештер жогорку деңгээлде өтүп, спорт күйөрмандарынын чоң кызыгуусун жаратты

Жакында Бишкекте 2014-2015-жылдары төрөлгөн балдар арасында хоккей боюнча Bishkek Arena Cup эл аралык турнири өттү.


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын басма сөз катчысы Айгерим Турдалиева Vesti.kg сайтына Бишкекте өткөн хоккей боюнча эл аралык мелдештин жыйынтыгы тууралуу айтып берди.


- Балдар хоккейи боюнча эл аралык турнирдин ачылыш аземинде Маданият министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев куттуктоо сөзүн сүйлөдү, - дейт ал. - Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, АКШнын КРдагы элчисинин маданият, спорт жана билим берүү боюнча кеңешчиси Вероника Адкинс, КР хоккей федерациясынын вице-президенти Асел Абдагулова, ошондой эле спорт мектептеринин директорлору, спортчулар жана күйөрмандар спорттук мелдештин ачылышына катышты. Турнирдин катышуучуларынын жана конокторунун айтымында, эл аралык мелдештер жогорку деңгээлде өтүп, спорт күйөрмандарынын чоң кызыгуусун жаратты. Хоккей боюнча эл аралык турнирдин чемпиондугу үчүн 6 команда: Алматынын «Динамо», «Свифтс», «Рахимжан», «Нарын Хоукс», «Локомотив», «Алга Жуниор» беттешти.


Үч күнгө созулган сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды:

1-орун - "Рахымжан" ХК (Казакстан)

2-орун - "Алга Юниор" ХК (Кыргызстан)

3-орун — Динамо ХК (Казакстан)

Кошумчалай кетсек, номинациялар боюнча мыкты оюнчулар аныкталды:

Эң жаш оюнчу – Алтай Нурбеков, “Локомотив” командасы

Турнирдин эң мыкты бомбардири - Руслан Моданов "Рахымжан" командасы

Турнирдин мыкты ассистенти - Адилет Сагинов "Свифтс" командасы

Мыкты снайпер - Айдар Алдияр Динамо командасы

Эң мыкты коргоочу – Мурат Жанчерик Динамо командасы

Мыкты дарбазачы - Диана Белоусова Свифтс командасы

Турнирдин эң баалуу оюнчусу – Марсель Рахматулин «Алга Юниор» командасы


Ислам Жолдошов
дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх