Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык "Дүйнө сулуусу" эл аралык сулуулук сынагында жеңишке жетти (фото)

Айжан Чаначева "Мисс Congeniality" номинациясында 90 өлкөнүн атаандаштарын жеңди

Эл аралык "Дүйнө сулуусу" сулуулук сынагына катышып жаткан кыргызстандык Айжан Чаначева сынактын орто баскычында жеңишке жетти. Бул тууралуу сынактын катышуучусу өзү билдирди.


«Мен Кыргызстандан алган тарбиянын аркасында «Мисс Congeniality» номинациясынын аралык сынактарын жеңип алдым», — деп жазган ал Instagram баракчасына. "Мен бул жеңишимди өлкөмө арнайм жана мекендештеримден менин мындан аркы катышуумда колдоо көрсөтүүнү суранам".

Уюштуруучулардын айтымында, эл аралык сулуулук сынагы Филиппинде өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 91 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышууда. Кечээ пляж кийимдери конкурсунун орто баскычы өтүп, номинациялардын биринде Айжан Чаначева жеңүүчү деп табылган. Кыз Борбор Азия мамлекеттеринен мелдештерге катышкан жалгыз өкүл.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх