Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Грузияда өткөн көркөм гимнастика боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандыктар алтын утушту (фото)

Медалдар үчүн күрөштө дүйнөнүн булуң-бурчунан келген 600 катышуучу болду

Грузияда өткөн көркөм гимнастика боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандыктар алтын утушту. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт башкармалыгынан билдиришти.


- New Look Cup 2022 чемпионатында Грузия, Азербайжан, Эстония, Украина, Израил, Өзбекстан, Казакстан, АКШ, БАЭ, Кувейт, Түркия жана Армениядан келген 600 катышуучу медалдар үчүн ат салышты. – Биздин өлкөнүн атынан алты гимнаст: Рухшана Абдыкахарова, Аяна Токушева, Бегимай Макенова, Адела Исхазова, Амалия Сейитбекова жана Даткайым Жүзүпбекова катышты. Жаштарга чейинки категорияда 1-орунду 12 жаштагы Аяна Токушева ээледи. Турнирдин уюштуруучулары дагы ага “Мисс Грейс” наамын ыйгарышты. Көп мелдеште алтын уткан 7 жаштагы Даткайым Жүзүпбекова өзгөчөлөнгөн.

Михаил Готфрид
Фото

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх