Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда бир суткада тогуз өрт кырсыгы катталды

Мындан тышкары, бир суткада куткаруу кызматынын төрт жолу чыгуусу болгон

Республиканын аймагында сутка ичинде тогуз өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттөрдү өчүрүүгө тогуз бөлүм тартылган (Чүй жана Ош облустарында үчтөн, Жалал-Абад, Нарын жана Баткен облустарында бирден өрт катталган).

Куткаруу кызматы төрт жолу чыккан (эшикти ачуу, катуу шамал, кырсык жана баланын колун бошотуу). Кырсыктан эки адам жабыркаган.

ӨКМ басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх