Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кудо боюнча борбор калаанын чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Мелдештерге 220 бала жана 100дөн ашык чоңдор катышты

«Изабековдордун академиясы» спорт клубунда КУДО боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги жана чемпионаты өттү.

Мелдешке 10 командадан 220 бала жана 100дөн ашык чоңдор катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча командалык эсепте орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

- 1-орун - Бишкек шаарынын "Bicutori" командасы (12 алтын, 9 күмүш, 11 коло медаль);
- 2-орун - Бишкек шаарынын "Витязь" командасы (9 алтын, 10 күмүш, 9 коло медаль);
- 3-орун - Бишкек шаарынын "Талант" командасы (6 алтын, 7 күмүш, 8 коло медаль);
- 3-орун - Бишкек шаарынын "Каскад" командасы (6 алтын, 7 күмүш, 8 коло медаль).

Борбор калаанын мэриясы жеңүүчүлөрдү куттуктап, дагы чоң ийгиликтерди каалайт.

Бишкек мэриясы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх