Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте балдардын дем алуу органдарынын патологиясы көбөйүүдө

Өз алдынча дарыланбаңыз, дем алыш күндөрү иштеген клиникаларга кайрылыңыз

Борбор калаадагы үй-бүлөлүк медицина борборлору бейтаптарды дем алыш күндөрү дагы кабыл алууда. Бул балдардын арасында дем алуу органдарынын патологиясы көбөйгөнүнө байланыштуу.

Ушул себептен улам, Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна медициналык жардам сурап кайрылган бейтаптардын саны жогорулады.

Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы тарабынан "Медициналык жардамды камсыздоо жана сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын алдын алуу чараларын күчөтүү жөнүндө" буйругу чыккан.

Азыркы учурда, шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлору бейтаптарды  төмөнкү иш сааттары менен кабыл алууда:
- иш күндөрү жана ишемби күнү саат 08.00 дөн 18.00гө чейин;
- жекшемби күнү саат 08.00 дөн 14.00гө чейин.

Мындан тышкары, ҮМБнын дарыгерлери ишемби жана жекшемби күндөрү саат 08.00дөн 20.00гө чейин  Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүндө нөөмөттө болушат.

Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы суук тийген оорунун белгилери пайда болгондо (дене табынын көтөрүлүшү, мурундун бүтүшү, жөтөл, ангина) шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлерине кайрылууга жана оорунун баштапкы стадиясында эле алдын алууга чакырат. Биздин медиктер сизге керектүү жардамды көрсөтүүгө ар дайым даяр. Суранабыз, өз алдынча дарыланбаңыздар.

Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборлорунун  каттоо жайларынын актуалдуу телефондору:

* №1 ҮМБ - 0312 64 45 42;
* №2 ҮМБ - 0312 21 03 57;
* №3 ҮМБ - 0312 32 52 32;
* №4 ҮМБ - 0312 43 39 07;
* №5 ҮМБ - 0312 63 51 23;
* №6 ҮМБ - 0312 57 02 84;
* №7 ҮМБ - 0312 66 20 44;
* №8 ҮМБ - 0312 42 69 62;
* №9 ҮМБ - 0312 21 17 32;
* №10 ҮМБ - 0312 67 82 74;

Бишкек мэриясы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Наверх