Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ирандын Кыргызстандагы элчисинен Тегеран-Бишкек-Тегеран аба каттамын ачууга колдоо көрсөтүү өтүнүчү айтылды

Иран КР менен аба байланышын активдештирүү жана анын портторун деңиз жолдоруна чыгуу үчүн пайдаланууну колдойт

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Ирандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харази менен жолугушту.

Кыргыз-иран кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташууну улантууга эки тараптын кызыкчылыгы тууралуу пикир алмашуу болду.

Парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү жагынан тараптар эки тараптуу иш сапарларды активдештирүү маселелерин талкуулап, тиешелүү комитеттер менен депутаттык достук топторунун ортосундагы байланышты чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Примов Кыргызстан Иран менен эки тараптуу мамилелерди сактоого жана тереңдетүүгө артыкчылык берерин белгилеп, кыргыз-иран саясий диалогунун азыркы жогорку деңгээлин канааттануу менен белгиледи.

«Достукка жана өз ара урматтоого негизделген мамилелерибиз мындан ары да жемиштүү болот деп ишенем», - деди Примов эки тараптуу кызматташуудагы оң жылыштарга токтолуп.

Андан ары комитеттин төрагасы кыргыз тарап эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин билдирди.

«Бул багытта соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча биргелешкен кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин маанилүүлүгүн белгилегим келет», - деп кошумчалады парламентарий.

Кошумчалай кетсек, Улан Примов 2021-жылдын май айында Кыргызстан менен Ирандын ортосунда Мешхед-Бишкек-Мешхед багыты боюнча айына бир жолу аба байланышы ачылганын эске салып, кыргыз тараптан “Манас” эл аралык аэропорту аэропорттордун тейлөөсү үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүп жатканын белгиледи. Ошону менен бирге ал Тегеран-Бишкек-Тегеран багыты боюнча түз авиакаттамдарды калыбына келтирүү перспективаларын белгилеп, эки өлкөнүн туристтери жана ишкерлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында бул каттамдын ачылышына колдоо көрсөтүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Саид Харази Иран кыргыз-иран кызматташтыгын жогору баалай турганын баса белгилеп, Кыргыз Республикасы менен ар тараптуу кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Атап айтканда, дипломат эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана түз байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Өлкөлөрдүн ортосунда соода жана инвестиция тармагында чоң потенциал бар. Биз өз тарабыбыздан эки өлкөнүн ортосундагы аба байланышын активдештирүү жана деңиз жолдоруна чыгуу үчүн Иран портторун колдонууну колдойбуз», - деди Харази.

Элчи ошондой эле парламенттер аралык байланыштарды тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, комитеттин төрагасы Улан Примов тарабынан айтылган бардык демилгелерди колдоорун билдирди.

Жыйынтыгында жолугушуунун катышуучулары маданий-гуманитардык кызматташтыктын аспектилерин талкуулашты.

КРнын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх