Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алессандро Сафиндин Бишкекке сапарынын уюштуруучулары: Билеттердин акчасы көрүүчүлөргө 15-декабрда кайтарылып берилет

Промоутер опера ырчысы талап кылган сумманы көтөрө алган жок деп түшүндүрдү

Италиялык опера ырчысы Алессандро Сафиндин Бишкекке болгон сапарынын уюштуруучуларынын бири Vesti.kg сайтына берген маегинде артисттин эмне себептен концерт берүүдөн баш тартканын айтып берди.

"Биз ал каалаган сумманы көтөрө алган жокпуз", - деп билдирди Sold Out Show. - Билеттер аз эле сатылды. Эки жүзгө жакын. Билет сатып алган көрүүчүлөр алдындагы милдеттенмебизден баш тартпайбыз. 15-декабрда Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын кассасында акчаны кайтарып беребиз.

Эскерте кетсек, италиялык опера ырчысы Алессандро Сафиндин концерти бир күн мурун үзгүлтүккө учураган. Артист көрүүчүлөрдүн алдына чыгып, промоутер өз милдеттенмесин аткарбаганын айтты. Ырчы “көрүүчүлөр үчүн” деп бир ырын ырдап чыгып кетти.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх