Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дем алуу органдарынын патологиясы менен ооруган балдардын саны өсүүдө. Бишкекте 200дөн ашык кошумча керебеттер орнотулду

Бардык аймактык саламаттыкты сактоо координаторлоруна саык тумоо менен ооруган балдарды күнү-түнү кабыл алууну уюштуруу тапшырылды

Мезгилдүү сасык тумоо, курч респиратордук инфекциялар мезгилинде жүргүзүлүп жаткан профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү максатында аймактык МРКПЗИСЭС тарабынан балдардын мектептерге жана бала бакчаларга катышуусуна күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күнгө чейин, 20% чейин жол берилген эпидемиологиялык босого менен катышпагандардын пайызы 5% ашпайт.

Мектептерге жана бала бакчаларга балдардын баруусу 20% жана андан ашык төмөндөгөн учурда билим берүү бөлүмдөрү менен биргеликте ар бир мектепте, класста карантинди тез арада киргизүү боюнча чаралар көрүлүүдө.

Ошондой эле, балдардын арасында дем алуу органдарынын патологиясы менен ооругандардын көбөйүшүнө жана Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун медициналык уюмдарына кайрылуулардын көбөйүшүнө байланыштуу, ошондой эле балдарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүү максатында министрлик Саламаттыкты сактоо министрлиги борбордогу жана Чүй облусундагы балдар ооруканаларына башка бөлүмдөрдөгү керебеттерди убактылуу профилдештирүү аркылуу кошумча 200дөн ашык койкаларды жайгаштыруу боюнча буйрук чыгарды.

Мындан тышкары, саламаттыкты сактоонун бардык облустардагы координаторлоруна курч респиратордук вирустук инфекциялар жана респиратордук патологиясы (обструктивдүү бронхит жана пневмония) менен ооруган балдарды күнү-түнү кабыл алууну уюштуруу жана зарылчылыкка жараша ооруканадагы орундардын резервин кароо тапшырмасы берилди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх