Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шри-Ланкада өткөн Азия чемпионатында бишкектик жаш шахматчылар жеңүүчү аталды (фото)

Турнир 7 жаштан 17 жашка чейинки мектеп окуучулары арасында өттү

Биринчи май райондук балдардын чыгармачылык борборунун тарбиялануучулары мектеп окуучулары арасында өткөн шахмат боюнча Азия чемпионатында байгелүү орунга ээ болушту.


Чемпионат Шри-Ланкада 7 жаштан 17 жашка чейинки улан-кыздар арасында өттү. Анда 13 өлкөнүн спортчулары күч сынашты: Кыргызстан, Бангладеш, Индонезия, Индия, Иран, Казакстан, Малайзия, Мальдив аралдары, Монголия, Пакистан, Шри-Ланка, Түркмөнстан жана Өзбекстан.

Мелдеш 3 түр боюнча өттү: классикалык шахмат, рапид жана блиц.

Командалык эсепте үч күмүш сыйлыкты Аарон Пак жеңип алды.


17 жашка чейинкилер арасында Нурай Советбекова командалык эсепте жана шахматтын "рапид" категориясында күмүш медалга ээ болду.

Жаш спортчуларды жеңиши менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!

Бишкек мэриясы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх