Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык спортчу Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште күмүш медаль тагынды

3000 метрге чуркоодо Самат Казакбаев аны сыйлыкка алып келген жыйынтык көрсөттү

Кыргызстандык спортчу Самат Казакбаев эмгек сиңирген спорт чебери А.Тучковдун байгелери үчүн Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КРнын Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.

-Биздин команданын атынан төрт спортчу катышты, - дешти ошол жерден. - Самат 3 миң метр аралыкты 8 мүнөт 39 секунд 72 миллисекундда басып өттү. Муну менен ал экинчи болуп, Кыргызстанга күмүш медаль тагынды. Бул мелдештерде Анастасия Бондаренко, Сабина Батаджиева жана Руслан Рустамов дагы жакшы жыйынтыктарды көрсөтүштү.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх