Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын саны өсүүдө. Бишкектеги ҮМБнын күндүзгү стационарлары бейтаптарды кечинде кабыл алат

Тиешелүү буйрукту Саламаттыкты сактоо министрлиги таратты

Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун медицина кызматкерлери кайрылган КРВИ менен ооругандардын ден соолугуна мониторинг жүргүзүүнү улантууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, КРВИ жана сасык тумоо боюнча кайрылуулардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун күндүзгү бардык ооруканалары дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 08.00дөн 20.00гө чейин жана дем алыш күндөрү саат 08.00дөн 14.00гө чейин эки нөөмөт менен иштейт. .

Эскерте кетсек, 118 ишеним телефону саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштейт, ал ошондой эле бардык кайрылгандарга амбулатордук консультациялык жардам көрсөтөт, анын ичинде КРВИ жана сасык тумоонун алдын алуу боюнча.

Сасык тумоо, гриппке окшош оорулардын жана коронавирустун алдын алуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл:

- маска режимин жана физикалык аралыкты сактоо;
- дем алуу органдарынын гигиенасын сактоо - жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду жабуу;
- өзүн жаман сезген, жогорку температура жана башка сасык тумоого окшош белгилери бар адамдарды өз убагында изоляциялоо;
- санитардык-гигиеналык иш-чараларды (колдун гигиенасы, жайларды үзгүлтүксүз желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.) сактоо.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх