Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жол эрежесин одоно бузган Бишкек троллейбустарынын айдоочуларына айып пул салынды

Тарбия иштери жетишсиз жүргүзүлүп жаткандыгы үчүн мэрия да жазаланды

Бишкекте жол эрежесин одоно бузган троллейбус айдоочуларына айып пул салынды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ИИМдин Кайгуул-күзөт кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

-Бөлүм шаардын айланасында коомдук транспортко рейд жүргүзүп жатат, деп билдирди милиция. -Анткени айдоочулардын да жумушуна, жүргүнчүлөрдү ташыган транспорттун техникалык абалына нааразычылыктар көп. Анын үстүнө бул чоң жоопкерчиликти талап кылган аймак, анткени айдоочунун ташуу эрежелеринен кичине эле четтеп кетиши ондогон жүргүнчүлөр үчүн кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Ошентип жол эрежесин одоно бузган 5 троллейбустун айдоочусу аныкталды. Аларга айып салынды. Ошондой эле, коомдук транспорттун айдоочулары арасында түшүндүрүү иштерин начар жүргүзгөндүгү үчүн Бишкек шаардык мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгына 31 миң сом айып салынган.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх