Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Новопокровкада браконьерлер кармалды (сүрөт)

Жаратылыш ресурстар министрлигинин инспекторлору жапайы канаттууларга мыйзамсыз аңчылык кылган адамдарды кармашкан. Алардын курал-жарактары конфискацияланып, айып пул салынган

Бүгүн, 22-декабрда Жаратылыш ресурстар министрлигинин мамлекеттик инспекторлору Чүй районунун Новопокровка айылында аңчылык кылган браконьерлерди кармашты. Үч адам жапайы канаттууларга мыйзамсыз аңчылык кылган.

Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандарга протоколдор түзүлүп, айыптын суммасы 32 500 сомду түзүп, 3 000 сом доо коюлган.


Жаратылыш ресурстар министрлигинин өкүлдөрү ок атуучу куралдарды, ошондой эле мыйзамсыз жол менен алынган канаттуулардын өлүктөрүн алышкан.


Мыйзам бузуу фактысы боюнча материалдар чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Жаратылыш ресурстар министрлигинин басма сөз кызматы
Жаратылыш ресурстар министерствосунун фотосу

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх