Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин жанындагы “Бирбулак” жаңы лыжа базасынын долбоору жактырылды

Кошумчалай кетсек, Ысык-Көлдө эл аралык “Тамга” спорт комплекси пайда болот

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин II жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү жана колдоо фонду» ААК үстүбүздөгү жылдын 9 айындагы ишмердүүлүгү тууралуу отчету, өлкөнүн чет элдик туристтер үчүн жагымдуулугун арттыруу маселеси, ошондой эле Ысык-Көл жана Талас облустарында туристтик долбоорлорду өнүктүрүү багыттары каралды.

Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш ошондой эле Ысык-Көл облусунда «Тамга» эл аралык спорт комплексин жана Чүй облусунда «Бирбулак» жаңы тоо-туристтик кластерин куруу долбоорлорун жактырды.

Белгиленгендей, жыл бою иштей турган эл аралык деңгээлдеги «Бирбулак» тоо-туристтик эс алуу жайынын долбоору иштелип чыккан. Чүй облусунун Оруу-Сай капчыгайында тоо туризминин кластери курулат, анда мейманканаларды жана шалелерди куруу, фуникулер жана көтөрүп чыгуучуларды орнотуу, эл аралык деңгээлдеги лыжа базасы үчүн бардык зарыл инфраструктура каралган. Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов борбордон 20 км алыстыкта жыл бою эс алуу үчүн жаңы сүйүктүү жайдын түзүлүшү республикабызга жүз миңдеген чет элдик лыжа сүйүүчүлөрдү тарта тургандыгын жана бул долбоорду ишке ашыруу артыкчылыктуу экендигин белгиледи.

2023-жылы туризмди өнүктүрүү боюнча дагы бир дымактуу долбоорлордун бири катары Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде Жети-Өгүз районунда эл аралык олимпиадалык даярдоо борборунун курулушу эсептелет.

Ошондой эле Туризмди өнүктүрүү жана колдоо фонду тарабынан Баткен районунун Раззаков шаарында санаторий, балдар лагери, коттедждердин курулушу каралган санаториялык-курорттук кластердин эскиздик долбоору сунушталды.

Ден соолукту чыңдоо туризмин өнүктүрүүгө басым жасалууда. Бул максатта 25 санаториялык-курорттук объектилер белгиленди, алар мамлекет менен профсоюздардын биргелешкен күч-аракети аркылуу модернизацияланат. Мындан тышкары, өлкөнүн ар бир аймагында жети жаңы объектти куруу пландаштырылууда.

Жыйындын соңунда мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх