Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балдардын кубанычы үчүн! Бишкекте акимдердин кайрымдуулук балатысы өттү (фото)

Жаңы балатыга спектаклге 4 миңден ашык бала күбө болушту

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында кичи шаар тургундары үчүн райондордун жаңы жылдык балатысы уюштурулду.

Райондук социалдык өнүгүү бөлүмдөрүндө каттоодо турган социалдык жактан корголбогон, жетим, жарым жетим, көп балалуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 4 миңден ашуун балдар жаңы жылдык майрамга күбө болушту.
Район жетекчилери балдарды келе жаткан майрамы менен куттуктап, балдарга чоң ийгиликтерди каалашты.

 


«Таберик» балдар музыкалык театры тарабынан түстүү спектакль даярдалып, иш-чара ошондой эле балдар менен болгон интерактивдүү оюн-зоок оюну жана «Убакыт аркылуу саякат» жаңы жылдык спектакли менен коштолду.

Иш-чаранын аягында бардык балдарга таттуу белектер тапшырылды.

Бишкек шаарынын мэриясы
Бишкек шаарынын мэриясынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх