Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык фехтованиелер эл аралык турнирде күмүш жана коло байгеге ээ болушту (фото)

Мелдешке 110дон ашык спортчу катышкандыктан, жеңишке жетүү оңой болгон жок

Кыргызстандык кыз-келиндер Борбор Азиядагы фехтование боюнча эл аралык турнирде күмүш жана коло байгеге ээ болушту. Ата мекендик спортчулардын ийгилиги тууралуу сүйүнчү менен Vesti.kg сайтына КРнын Фехтование федерациясынан билдиришти.

 

 

-Биздин команда 13 жашка чейинки жаш кадеттер арасындагы мелдешке катышты, - дешти ошол жерден. - Надя Мойдунова жеке таймашта ийгиликтери үчүн күмүш менен сыйланды. Мунира Муртазаева үчүнчү орунду ээлеп, коло байгеге ээ болду. Командалык эсепте Кыргызстандын курама командасы үчүнчү орунду ээледи. Турнирге жалпысынан Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 110дон ашык спортчу катышты. Демек, жеңишке жетүү оңой болгон жок.

 

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх