Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бишкексвет» МИнин автопаркы жаңы атайын техникалар менен толукталды (фото)

Энергетиктер ишти оперативдуу аткаруу учун кошумча мумкунчулуктерге ээ болушту

“Бишкексвет” муниципалдык ишканасы жаңы атайын техникаларга ээ болду. Бүгүнкү күндө XCMG мини экскаватору жана манипулятору келди.


Кореяда чыгарылган Hyundai R60W-9S мини экскаватору жер казуу жана тегиздөө иштерин жүргүзүү үчүн дөңгөлөктүү атайын техника. Машина компакт өлчөмдөрү бар, тар шарттарда оңой маневр жасай алат, имараттарга жакын жерде траншеяларды казып алат.


10 тонналык Dongfeng маркасындагы манипулятор менен жүк ташуучу унаа.

Бир нече айдын ичинде дагы 4 атайын техника келет.

Компаниянын командасы жаңы атайын жабдууларды сынап көрүүдө. Култегин көчөсүндөгү Эне-Сай турак жай массивинде иштер жүрүп жатат.

Жаңы заманбап атайын жабдууларды алуунун аркасында энергетиктер жумуштарды ыкчам аткаруу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү алышат.


Бишкек шаарынын мэриясы
Бишкек шаарынын мэриясынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх