Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Легенданын өлүмү - Пеле каза болду

Дүйнөлүк футболдун баатыры 82 жашында дүйнө салды

Атактуу бразилиялык футболчу Пеле узакка созулган рак оорусунан каза болду. Бул тууралуу Би-Би-Си кабарлады.


Көптөгөн футбол күйөрмандары Пелени спорт тарыхындагы эң мыкты футболчу деп эсептешет. Бир жолу Англиянын капитаны Бобби Чарлтон футбол Пеле үчүн ойлоп табылганын айткан.

Бразилиялык футболчу футбол талаасында укмуштуудай ылдамдыгы жана дарбазага сокку узаткан мыкты тактыгы менен эсте калды. Пеле карьерасында 1363 беттеште 1281 гол киргизген. 1999-жылы Эл аралык Олимпиада комитети легендарлуу бразилиялыкты тарыхтагы эң улуу спортчу деп тааныган.

Футболдон тышкары Пеле бүткүл дүйнөгө БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо боюнча элчиси, ЮНЕСКОнун ак ниет элчиси катары таанылган. Ал ошондой эле 1990-жылдардын аягында Бразилиянын спорт министри болгон.


Тактап айтканда, 2022-жылдын 29-декабрында тарыхтагы эң атактуу футболчулардын бири Пеле каза болгон.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх