Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чолпон-Атада милиционерлер коммуналдык кызматкерлерди ысык чай жана таттуулар менен сыйлашты (фото)

Укук коргоо кызматкерлери жумушчуларга ушундай жол менен ыраазычылык билдирүүнү чечишти, анткени аяздуу күндөрү көчөдө иштөө кандай болорун алар өздөрү эле билишет

Ысык-Көл РИИБнин участкалык милиция кызматкерлери жана балдар менен иштөө инспекторлору катуу суукка карабай Чолпон-Ата шаарынын көчөлөрүн көрктөндүрүү үчүн чыгып жаткан коммуналдык кызматкерлерге ыраазычылык билдирүүнү чечишти.


«Иш процессинде ысык чай, таттуу сыяктуу эч нерсе күч бербейт. Андыктан ыраазычылык иретинде коммуналдык кызматкерлерге таттуулар кошулган ысык чай таратууну чечтик. Анткени, ушул суук күндөрдө көчөдө иштөө канчалык кыйын экенин өзүбүз да билебиз», - дешти милиция кызматкерлери.


Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИББнын басма сөз кызматы билдирди
Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын фотосу

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх