Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Апта соңуна чейин ӨКМ тоолуу жолдордогу кар көчкүлөрүн атып түшүрөт

Окуя учурунда Бишкек-Ош жана Суусамыр-Тараз жолдору жабылат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 13-январдан 16-январга чейин тоолуу жолдордогу кар көчкүлөрдүн күтүүсүз түшүүсүнө жол бербөө максатында аларды атып түшүрөт. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Жогорудагы иш-чараларга байланыштуу Бишкек-Ош жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолдору кар көчкүлөрдү түшүрүү мезгилинде убактылуу жабылат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ыкчам топтун курамына кирген башка бөлүмдөр менен биргеликте профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх