Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектен Москвага туруктуу каттамдардын саны көбөйөт

Aero Nomad Airlines авиакомпаниясы Бишкек - ​​Москва - Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ачууну пландоодо

Бишкектен Москвага туруктуу каттамдардын саны көбөйөт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-февралдан тарта «Аэро Номад» авиакомпаниясы Бишкек – Москва – Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ачууну пландоодо.

“Манас” аэропортунан Орусиянын Внуково аэропортуна каттамдар жумасына эки жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү болушу күтүлүүдө.

"Москва шаары - Aero Nomad Airlines ата мекендик авиакомпаниясы үчүн жаңы багыт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, учурда Орусиянын борборуна каттамдарды Avia Traffic, Aeroflot жана Ural Airlines авиакомпаниялары аткарышат. Учурда каттамдардын саны 38ди түзөт.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх