Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызматкерлери Ысык-Көлдө браконьерди кармашты (фото)

Жапайы тоо теке мергенчинин мыйзамсыз жемине айланды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери Ысык-Көлдө браконьерди кармашты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.


«Биз Land Cruiser унаасын кезектеги текшерүү үчүн токтоттук», - деп билдирди министрлик. - Унаа Сары-Жаз өрөөнү тараптан, Ак-Суу районунун Турган капчыгайынан келе жаткан. Издөө иштеринин жүрүшүндө жапайы тоо текенин жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерде акт түзүлдү. Браконьерге 100 миң сом айып салынды. Бардык материалдар кошумча иликтөө үчүн Ак-Суу РИИБге өткөрүлүп берилди”.

Жаратылыш ресурстар министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх