Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркиянын Кызматташтык жана координациялоо агенттиги Бишкектеги №3 кесиптик лицейге жардам көрсөтүп, КТУ "Манаска" күнөскана орнотту

Агенттик Кыргызстанда ар кандай долбоорлорду колдоону улантууда

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА) “Адамдык ресурстарды өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Бишкектеги Кыргыз-Түрк “МАНАС” университетинин кампусунда 1000 чарчы метр аянтка күнөскана орнотуу долбоорун ишке ашырды.

Күнөсканадагы жашылча-жемиштер жыл бою бышып, сапаты жана коопсуздугуна кепилдик берүү үчүн бардык шарттар, материалдар жана жабдуулар орнотулган.
“МАНАС” Университети агрардык факультетинин студенттери азыр өздөрү жашылча өстүрүп жатышат. Алардын эмгегинин аркасы менен күнөсканадан алынган жашылчалар университеттин ашканасындагы колдонулууда.
«МАНАС» КТУнун Агрардык факультетинин деканы, илимдин доктору, профессор Атилла Дурсундун билдирүүсүндө ТИКАнын көмөгү жана «МАНАС» КТУнун администрациясынын колдоосу менен кампуста курулган күнөсканада университеттин Айыл чарба факультететинин студенттери окууга, практика өтүүгө жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле өз алдынча жашылча өстүрүүгө мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болгондору айтылат.
Дурсун университеттин ашканасында айыл чарба факультетинин студенттери өстүргөн помидор, калемпир, бадыраң, баклажан, капуста, брокколи, пияз, шпинат сыяктуу жашылчалардын пайдаланылганын да билдирди.
“Күнөсканада жашылча өстүрүү абдан пайдалуу болду,” - дейт Дурсун.
ОСМАН УСТА: ТИКА Кыргыз Республикасындагы адам ресурстарын өнүктүрүү долбоорлоруна техникалык жардам жана колдоо көрсөтүүнү улантат.

ТИКАнын Бишкектеги программалык кеңсесинин координатору Осман Уста, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Түркия Республикасынын колдоо көрсөтүүсүнүн эң маанилүү аракеттеринин бири - адам ресурстарына жана өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорго салым кошуу экенин белгиледи.
Уста ТИКАнын Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда көпүрө кызматын аткарып жатканын, ошондуктан Агенттиктин өлкөнүн адам ресурстарын өнүктүрүү долбоорлоруна техникалык жактан жардам жана колдоо көрсөтүүнү уланта турганын баса белгиледи.
«Кыргызстан да, ар бир коомдун негизги байлыгын чагылдырган - адам ресурстарынын жардамы менен гүлдөп-өнүккөн өлкө боло турган күн алыс эмес деп ишенем».
Осман Уста КРдагы программалык координатор

 № 3 - КЕСИПТИК ТЕХНИКАЛЫК ЛИЦЕЙДИН БАЗАСЫНДА УНАА ОҢДООЧУ ЖАЙ ЖАНА МИНИ-ФУТБОЛ ҮЧҮН АЯНТЧАНЫН АЧЫЛЫШЫ

ТИКАнын колдоосунда Бишкектеги 3-Кесиптик техникалык лицейдин унаа оңдоочу жайы ремонттолду жана жабдыктандырылды, ошондой эле мини-футбол үчүн аянтча курулду.

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА), Бишкектеги №3-Кесиптик техникалык лицейдин базасындагы унаа оңдоочу жайды ремонттоо жана заманбап жабдыктар менен жабдуу долбоорун, ошондой эле ачык типтеги мини-футбол аянтчасын капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорун колдоого алды.

Адам ресурстарын өнүктүрүү долбоорунун алкагында №3-КТЛдин окуучулары үчүн унаа оңдоочу жайдын ремонту жасалды жана заманбап эң керектүү жабдыктар алынды.

1942-жылы түптөлгөн окуу жайда бүгүнкү күндө болочок программалык инженерлер, машинакуруучулар, энергетиктер, темир усталар, ширетүүчүлөр жана полиграфисттер окуп жана практикалык билим алып жатышат.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу №3-КТЛдин директору Шайбек Билалов, долбоор аяктагандан кийин өз сөзүндө, «бүтүүчүлөр ишке орношуу боюнча кабатыр болбосо болот. Себеби биздин окуу жайда сабактардын 70 пайызы практикалык, ал эми 30 пайызы теориялык негизде өтөт», деп айтты,

ТИКА биздин лицейде эки маанилүү долбоорду ишке ашырды: биринчиси – мини-футбол аянтчасын капиталдык ремонттон өткөрдү жана экинчиси – унаа оңдоочу жайды ремонттон өткөрүп, керектүү жабдыктар менен камсыздады. Унаа оңдоочу жайда унаа ачкычтарын программалоо жана аккумуляторлорду электроникалык тестирлөө жабдыктары да бар. Бул колдоо үчүн биз абдан ыраазыбыз.» - деп белгиледи директор Билалов.

ОСМАН УСТА: ТИКА Кыргыз Республикасындагы адам ресурстарын өнүктүрүү долбоорлоруна колдоо жана техникалык жардам берүүнү улантмакчы.

ТИКАнын Бишкек офисинин программалык координатору Осман Уста, Түркия Республикасы үчүн Кыргызстан мамлекети эгемендүүлүк алгандан бери адам ресурстарына колдоо көрсөтүү жана өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу эң маанилүү иш-чаралардан болуп эсептелээрин белгиледи.

Уста, ТИКА Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы көпүрө сыяктуу жана өлкөнүн адам ресурстарын өнүктүрүү долбоорлорун колдоону жана техникалык жардам берүүнү улантат, деп белгиледи.

«Ар бир коомдун эң негизги баалуулугу болгон адам ресурстарынын негизинде, жакында Кыргызстан да эң алдыңкы өнүккөн өлкө болооруна терең ишенем.»

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА 2021-2022-ЖЫЛДАРЫ ИШКЕ АШЫРЫЛГАН МААНИЛҮҮ ДОЛБООРЛОР

ТИКАнын Кыргызстандагы Бишкек кеңсесинин демилгеси менен 1993-жылдан бери 1000ден ашуун долбоор ишке ашырылды.

Бишкектин борборунда 72 орундуу заманбап Кыргыз-Түрк Достук Ооруканасынын курулуусу ТИКАнын Кыргызстандагы социалдык маанилүү долбоорлорунун бири болуп саналат. Кыргыз элине кызмат кылган ооруканада компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография жана рентген аппараттары бар. 2021-жылдан бери иштеп жаткан клиникада эки өлкөнүн адистери иштейт. Ооруканада жогорку технологиялык операциялар жасалып жаткандыгы үчүң Кыргызстандын жарандары чет өлкөгө чыкпастан дарыланууга мүмкүнчүлүк алышат.

Кошумчалай кетсек, 2021-жылы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк маданият борбору ачылды. Борбордун имараты оңдолуп, компьютер жана 14 000 китепке ылайыкталган китеп текчелери менен жабдылды. Муну менен биргеликте борборго 3 500 китеп берилди.

ТИКА кыргыз кинорежиссеру жана Кыргыз Республикасынын Түркиядагы биринчи Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Төлөмүш Океевдин ысымын алган “Кыргызфильм” улуттук киностудиясына “Кыргызфильмдин” архивдик тасмаларын санариптештирүү үчүн Blackmagic Cintel Scanner аппараттык комплексин тапшырды.

Аймактарда ТИКА аркылуу 2021-жылы Жалал-Абад Экономика жана ишкердик университетинде болочок ашпозчулар жана кондитерлер үчүн “Түрк дүйнөсүнүн маданияттарын окутуу ашканасы” түзүлүп, Ысык-Көл, Нарын жана Баткен мамлекеттик университеттеринде Түрк тилин үйрөтүү борборлору ачылды, Ош облустук клиникалык ооруканасына лапароскопия үчүн акыркы үлгүдөгү жабдуулар берилди жана ошондой эле Баткен облустук жугуштуу оорулар ооруканасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.


фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх