Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте тышкы жарнакты иретке келтирүү боюнча рейд өткөрүлдү

Баннерлердин кыргыз тилиндеги тексттеринин сабаттуулугу текшерилет

Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тышкы жарнакты иретке келтирүү максатында рейд  өткөрдү.

Жыйынтыгында Горький - Б.Баатыр көчөсүнөн Ауэзова көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 53 баннер алынды.

Ошондой эле, Дэн Сяопин проспектисинен боюнда Фучик көчөсүнөн баштап П.Лумумба көчөсүнө чейин рейд жүрүп 86 жарнамалык конструкция жана 13 баннер алынды.  

Буга чейин комиссия жарнаманы  жайгаштыруу эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, билдирүүлөрдү тараткан.

Текшерүүлөр шаардын архитектуралык  жана эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнамадагы маалыматты мамлекеттик тилдеги нормаларына ылайык келтирүү, ошондой эле Бишкек шаардындагы  сырткы жарнамаларды  жайгаштыруу жана пайдаланууну тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.

Бишкек мэриясы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх