Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте аялдар жатын моюнчасы жана эмчек рагы боюнча акысыз текшерүүдөн өтө алышат

Акция 25 жаштан 60 жашка чейинки жарандарга жеткиликтүү

Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда 25-60 жаштагы аялдардын жатын моюнчасынын жана эмчек рагын аныктоо акциясы өтөт. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору билдирди.
Акция рак менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулууда.

Иш-чаранын негизги максаты – коомчулуктун көңүлүн онкологиялык ооруларды эрте диагностикалоонун, жатын моюнчасынын жана эмчектин рагын эрте дарылоонун жана алдын алуунун маанилүүлүгүнө буруу.

Текшерүү Энергетиков шаары, Зеленая көчөсү, 1 (стоматологиялык корпус, № 1, 2, 3 кабинеттер) дареги боюнча саат 12.00дөн 16.00гө чейин тапшырууга болот. Сүт бездерин акысыз текшерүү, жатын моюнчасын текшерүү, кольпоскопия бар.

Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: 0312333105.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх