Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын чек арачылары Өзбекстандын жарандарын Кыргызстандын аймагынан суу алып өтүүгө уруксат беришкен

Чек арага жакын жерде Өзбекстандын сарайы өрттөнүп жатат

Кыргызстандын чек арачылары Өзбекстандын жарандарына жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 20-январь күнү Өзбекстандын аймагында Ала-Бука районунун Ак-Там конушунун тушундагы мамлекеттик чек ара тилкесинде Өзбекстандын жаранына таандык сарай өрттөнгөн .

Өзбекстандын чек ара айылынын тургундарына суу жетпей калгандыктан Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары Кыргызстандын аймагына суу үчүн тосмодон ары өтүүгө уруксат беришкен.

Өз убагында көрсөтүлгөн жардамдын аркасында өрт тез арада өчүрүлгөн.

УКМКнын Чек ара кызматы жарандар кандайдыр бир суроолор пайда болгон учурда жакынкы чек ара бөлүмдөрүнө кайрылып, мыйзам чегинде чечсе болорун эскертет.

 

УКМКнын Чек ара кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх