Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды

Сынактын биринчи күнүнүн жеңүүчүлөрүнүн жана байге ээлеринин тизмеси

Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда бир күн мурун эркин күрөш боюнча республиканын чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Маданият министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Мелдештин биринчи күнүндө 57, 65, 74, 86 жана 97 килограмм салмакта 119 спортчу күч сынашты. Чемпионат бүгүн, 24-январда жыйынтыкталат.

Мелдештин биринчи күнүнүн жыйынтыгы:

57 килограмм

1-орун - Алмаз Сманбеков;

2-орун - Бекзат Алмаз уулу;

3-орун - Юхан Доктурбек уулу жана Абдумалик Карачов.

65 килограмм

1-орун - Алибек Осмонов;

2-орун - Аден Сакибаев;

3-орун - Мирлан Акимов жана Азим Мамытов.


74 килограмм

1-орун - Исламбек Орозбеков;

2-орун - Адилет Жапаркулов;

3-орун - Кубат Азизов жана Алинур Такиров.

86 килограмм

1-орун - Нуртилек Карыпбеков;

2-орун - Нарбек Изабеков;

3-орун - Сейтек Доктурбеков жана Стамбул Жаныбек уулу.

97 килограмм

1-орун - Арсланбек Турдубеков;

2-орун - Исламбек Рысбеков;

3-орун - Мухаммед Умурзаков жана Бекзат Тендиков.

Спорт башкармалыгынын басма сөз кызматы
Сүрөт спорт башкармалыгынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх