Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эркиндик бульварында бетти тааный турган камералар орнотулат

Башкы максат - жарандардын коопсуздугу жана тартипти сактоо

Биринчи май районунун аймагында бетти таануу жана алыстан кол менен башкаруу мүмкүнчүлүгү бар 50дөн ашык камера орнотуларын Бишкек мэриясынын басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Эркиндик бульварында видеобайкоо камераларын монтаждоо иштери башталды.

Чүй проспектиси, Киев, Токтогул жана Чокморов көчөлөрүндөгү бульвардын 4 кесилиши атайын жабдуулар менен жабдылат.

Кесилиштерде орнотулган камералар күнү-түнү иштемекчи.

Камераларды орнотуунун башкы максаты -жарандардын коопсуздугу жана тартипти сактоо, - деп билдиришти мэриядан.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх