Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн Чүй проспектиси Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин жабылат

Аянтта Кытайдан келген жаңы автобустарды, өрт өчүрүүчүлөрдү жана тез жардам унааларын расмий тапшыруу аземи болору күтүлүүдө

Бүгүн, 1-февралда Бишкектин борбору түшкө чейин жабылат, деп билдирди Патрулдук кызматтын басма сөз кызматы.

Аянтта Кытайдан келген жаңы автобустардын, өрт өчүрүүчүлөрдүн жана тез жардам унааларын расмий тапшыруу аземи болору күтүлүүдө. Бардыгы болуп  200гө жакын техника келген. Иш-чарага өлкө жетекчилиги катышат.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын сентябрь айында Президент Садыр Жапаров менен Төрага Си Цзиньпиндин жолугушуусунун жыйынтыгында Кытай тарап биздин республикага өрт өчүрүүчү шаймандарды, тез жардам жабдууларын жана мобилдүү оорукананы бекер берүүгө даярдыгын билдирген.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх