Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда ачык сууда орун алган муз аянтчасы жабылды

Муз аянтчасы өз алдынча катуу сууктан улам пайда болгон

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда ачык сууда орун алган муз аянтчасы жабылды. Бул боюнча облустун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өткөн жылдын декабрь айында катуу сууктан улам Ысык-Көлдүн Михайловка булуңунда муз катмары пайда болуп, муздан коньки тебүү үчүн бул тилке балдардын жана улуу адамдардын сүйүктүү кышкы оюн-зоогуна айланган болчу.
Бирок, эгер муз болжолдонгон жүктү көтөрө албаса, анда жарандар үчүн мындай көңүл ачуу коопсуз болбой калышы мүмкүн эле. Температуранын ар бир 3-5 градус айырмачылыгы менен муздун кеңейиши же тарышы мүмкүн болуп, муздун бетинде жаракалар пайда болуу коркунучу орун алган. Буга байланыштуу Ак-Суу РИИБдин жетекчилиги раймамадминистрацияга жана ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын райондук бөлүмүнө жарандардын коопсуздугуна коркунуч туудургандыктан, көлдө орун алган табигый муз аянтчасынын жабылышы тууралуу кат жөнөтүшкөн.

-30-январда ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча Ак-Суу райондук бөлүмүнүн жана райондук милициянын кызматкерлери атайын техниканын жардамы менен муз катмарын сындырышып, көлдүн үстүндө орун алган муз аянтчасын жабышты, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 31-январда Бишкек шаарынын Каралаева көчөсүндө 6 жаштагы бала муздун астына түшүп кетип каза тапкан.

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх