Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысырапкорчулук менен күрөш. Свердлов акимиаты ири кафелердин өкүлдөрү менен келишим түздү

Жолугушууга «Жибек-Жолу», «Фаризат», «Мансур» кафелеринин, «Гранат» чайканасынын, «Ават» банкет залынын жана башка ири кафелердин өкүлдөрү келишкен

Ленин жана Свердлов райондорунда ири кафелердин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өткөнүн мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Свердлов администрациясы менен ири кафелердин өкүлдөрү «Түшүнүү келишимине» кол коюшту.

Алсак, акимчилик район аймагында жайгашкан «Жибек-Жолу», «Фаризат», «Мансур» кафелеринин, «Гранат» чайканасынын, «Ават» банкет залынын жана башка ири кафелердин өкүлдөрү менен жолугушту.

Келишимде ысырапкорчулук жана шаан-шөкөттүү үй-бүлөлүк иш-чараларды, диний жөрөлгөлөрдү, курман болгондордун жаркын элесине арналган эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү пландаган жарандарга кызмат көрсөтпөө талаптары камтылган. Ошондой эле каада-салттарды, салтанаттарды жана ырым-жырымдарды иретке келтирүүнү, кыргыз коомунун руханий-адептик маданиятынын негиздерин калыптандырууну жана турукташтырууну, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылууну көрсөтөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кафе-ресторандардын өкүлдөрү КР Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана сөөк коюу каада-салттарын жөнгө салуу чаралары жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууга багытталган акимчиликтин иш-чараларын колдошту.

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх