Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте муздак сууга жана канализацияга тарифтер көтөрүлөт

Тиешелүү токтом Бишкек шаардык кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду

Бишкекте муздак сууга жана канализацияга тарифти көтөрүү сунушталып жатканы белгилүү болду. Тиешелүү токтом долбоору Бишкек шаардык кеңешинин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Тарифтерди төмөндөгүдөй көтөрүү сунушталууда:

Суу менен жабдууга – ичүүчү сууну берүүгө тарифтер (1 куб метри үчүн, салыксыз):
Калк үчүн — 10,45 сом (азыр 8,10 сом);
Бюджеттик мекемелер — 12,95 сом (азыр 9,10 сом);
Башка керектөөчүлөр — 18,50 сом (азыр 13 сом);

Сууну бөлүштүрүүгө (канализация) – агынды сууларды кабыл алууга жана тазалоого тарифтер (1 куб метри үчүн, салыксыз):

Калк үчүн — 3,45 сом (азыр 2,30 сом);
Бюджеттик мекемелер — 4,50 сом (азыр 3 сом);
Башка керектөөчүлөр — 9 сом (азыр 6 сом);

Көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы пайдалануудагы cуу түтүк-канализациялык тармактарын техникалык тейлөөгө жаңы тарифтер сунушталууда. Бир чарчы метр жалпы аянт үчүн бир жылга 15,10 сом өлчөмү каралууда.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх