Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте реконструкциядан кийин №16 атайын логопеддик бала бакчасы ачылды

Буга чейин имаратта Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борбору жайгашкан

Борбор калаада мэр Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда №16 атайын логопеддик бала бакчасынын реконструкциядан кийин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бала бакчада ондоп-түздөө, тышкы инженердик тармактарды куруу жана ички жасалгалоо иштери жүргүзүлгөн. 

 

Атайын бала бакча 150 орундуу – 6 тайпага ылайыкталган, жер тилкесинин жалпы аянты 4713,75 м2, имаратынын аянты 1065 м2 түзөт.

Белгилей кетсек, имарат билим берүү башкармалыгынын балансына өткөрүлгөн. Буга чейин имаратта Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борбору жайгашкан.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх