Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Азаттыктын” мурдагы журналисти Ыдырыс Исаков суракка чакырылды

Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди

“Азаттыктын” мурдагы журналисти Ыдырыс Исаков Ош шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылды. Мекеме журналисттин кандай жагдайлар боюнча суракка алынганын айтып берди. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, өткөн аптада Tik-Tok социалдык тармагында “Кыргыздар, ойгонгула, уйгур мафиясы Кыргызстанды тоноп жатат” деген аталыштагы видеотасма жарыяланган. Бул видеодо Ыдырыс Исаковдун кайрылуусу болгон.

- Журналист суракка чакырылып, тасмадагы уйгур мафиясы жөнүндө суралган. Исаков видеонун авторун тааныбай турганын жана анын кайрылуусу монтаждалганын айтып берген. Ыдырыс Исаков жалпы жонунан бир саат суракка алынган.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх