Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

2023-жылы борбор калаанын Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн жана Чүй проспектиси менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилиштеринде жер өтмөктөрү курулат

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров 2023-жылга карата пландары тууралуу айтып берди

Бишкекте 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында борбор калаанын мэриясынын коллегиясы өтүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

 Маалыматка ылайык, коллегиянын ишине борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышууда.

Мэр муниципалитеттин 2023-жылга карата милдеттери тууралуу баяндама жасады.

Ал белгилегендей, "Ак-Бата" конушунда 1 мектеп, ошондой эле 6 саламаттык сактоо мекемеси курулат. Ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 12 бала бакча куруу пландалууда.

Бул жылы "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү"долбоорунун 3-этабынын алкагында 4 жол өткөөлүнүн курулушу башталат. Ошондой эле узундугу 16 км болгон жолдорго жана узундугу 20 км болгон тротуарларга капиталдык ремонт жүргүзүлөт.

Ошондой эле Эмилбек Абдыкадыров 10 муниципалдык мончо куруу пландаштырылып жаткандыгын айтты.

Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн жана Чүй проспектиси менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишинде эки жер астындагы өткөөл курулат.

Муну менен катар катуу тиричилик калдыктарын сорттоочу 100 пункт ишке киргизилет. Катуу тиричилик калдыктарын жер алдында сактоочу жайды куруу боюнча долбоор ишке ашырылат.

Мэрдин айтымында, 5000 бир түстүү электртакси сатып алуу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландаштырылууда. Мындан тышкары, 12 скважина пландалууда.

2023-жылга карата мэриянын планы:

- Бишкек шаарынын аймагындагы гараж кооперативдери жана башка объекттер үчүн мурда пайдаланылган 50 га жерди кайтарып берүү;
- Жерди ижарага берүү боюнча аукциондордун бардык түрлөрүн жаңылоо;
- Үч муниципалдык рынокту түзүү;
- Сейил бактардын аймактарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуунун эсебинен бюджеттин киреше бөлүгүн 30 млн сомго чейин көбөйтүү;
- Көп квартиралуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага алынган жер участокторун сатууну уюштуруу.

Мындай пландарды ишке ашыруунун эсебинен муниципалдык менчикти башкаруу чөйрөсүндөгү кирешелерди 2022-жылга салыштырмалуу 160  миллион сомго көбөйтүү пландалууда.

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх