Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы «Глобус» гипермаркетине эскертүү берди

Товардын таңгакта көрсөтүлгөн баасы менен кассада төлөнгөн баа эки башка болгон учурлар аныкталган

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы «Глобус» гипермаркетине эскертүү берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 4-февралында массалык маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда Бишкек шаарынын, Жибек-Жолу пр., 120/1 дарегинде жайгашкан “Globus” гипермаркетинде тартылган видео жарыяланган.

Видеодо керектөөчүлөр сатууга коюлган бир катар товарлардын (күрүч, төө буурчак ж.б.) баасын кассада жогорулатуу менен сатылып жатканына нааразычылыгын билдиришкен.
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) керектөөчүгө товарларды туура тандап алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) тууралуу зарыл жана так маалыматты өз убагында берүүгө милдеттүү.

Товарды сатууда товарга чапталган таңгакта же ярлыкта көрсөтүлгөн баалардын өлчөмүн жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамын бузуу болуп эсептелет.

Азыркы учурда «Умай Групп» ЖЧКсынын маалыматына ылайык, бардык мыйзам бузуулар жоюлуп, кызматтык милдеттерин одоно бузгандыгы үчүн, соода борборунун директоруна, соода аянтынын администраторуна, товарларды кабыл алуу зонасынын операторуна сөгүш жарыяланып, сыйлыктардан ажыраган.

Ошондой эле, Кызматтын эскертүүсүн аткаруу максатында, супермаркеттерде маалымат такталары орнотулду.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх