Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мектепке күчүк алып келген окуучуну тилдеген мугалимдерге чара көрүлөт 

Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Орозбаев окуя тууралуу үн катты

Буга чейин социалдык тармактарда класска күчүктү баштыкка салып алып кирип, кийимдер менен кошо илип койгон окуучуну тилдеген мугалимдердин видеосу жарыяланган. Анда мугалимдер баланы урушуп, директорго чейин алып барабыз дегени, окуучу "экинчи кайталанбайт" деп айтып жатканы тартылган. Социалдык тармактын колдонуучулары мугалимдерлин балага кылган мамилесин кескин сынга алышкан.  "Бул окуя боюнча өзунчө иш алып барылууда. Окуяга катыштыгы бар ар бир мугалимге тиешелүү чаралар колдонулуп, эскертүүлөр берилет",- деди Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Орозбаев.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх