Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгон кыргызстандык жарандын сөөгү жерге берилди

Маркумдун артында 1 уулу калды

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгон кыргызстандык жарандын сөөгү өзү туулуп өскөн Токтогул районуна караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылында жерге берилди.
Муфтияттын маалыматына ылайык, Медина Бактачиева Түркияда жашап, эмгектенип жүргөн. Ал ушул жылдын 6-февралында Түркияда катталган зилзаланын курмандыгы болгон. Маркумдун артында 1 уулу калды. Эне-бала 6 жылдан бери көрүшө электигин айылдаштары айтышкан.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх