Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарында 50 жаңы автобус ишке берилди

№ 38, 42, 48 маршруттук каттамга жаңы автобустар чыга баштады

17-февралдан тарта Бишкек шаарында 50 жаңы автобус каттамдарга чыга баштады. Алар 38-42-48-номерде бекитилген маршруттар боюнча жүргүнчүлөрдү тейлейт.

Жаңы автобустардын учурдагы маршруттук линиялары:


№ 38 автобус каттамы (Аламүдүн-1 кичирайон - 110 квартал) шаардын батыш жана чыгыш тарабын камтыйт. Бул линияга 19 автобус бөлүнгөн.
№42 автобустук каттам (12-кичирайон - Ала-Тоо конушу) шаардын түштүк жана батыш тарабын камтыйт. 19 автобус бөлүнгөн.
№ 48 автобус (Батыш автобекети - Чыгыш автобекет). Аталган маршрутка 14 автобус бөлүнгөн. №214 каттамдагы 42 кичи автобус алмаштырылат.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы Кытайдан сатып алынган газ менен жүрүүчү 120 жаңы автобусту каттамдарга бөлүштүргөн.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх