Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркия менен Сириядагы жер титирөө. 12 жаштагы бала уранды алдында 260 саат жаткан

Түркияда урандынын астында 10 күн жаткан бала тирүү табылды

Түркиянын Хатай провинциясында жер титирөөдөн кийин уранды алдында 260 саат жаткан 12 жаштагы баланы тирүү табышты. Бул тууралуу TRT Haber телеканалы билдирди.

"260 сааттан кийин куткаруучулардан дагы бир жакшы кабар келди. Хатай шаарынын Антакья районунда уранды алдынан баланы тирүү алып чыгышты", — деп кабарлады телеканал.
Соңку маалыматтар боюнча, Түркиядагы жер титирөөдөн набыт болгондордун саны 38 044кө жетти. Кахраманмараш шаарында иштеп жаткан кыргызстандык куткаруучулардын жарымы кечээ, 16-февралда, Хатайга барышкан. Бийлик өкүлдөрү ал жакта катуу жер титирегендиктен адам курмандыгы көп экендигин билдирди.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх