Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эртең борбор калаанын кээ бир конуштарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкек мэриясы өчүрүүнүн себептерин түшүндүрдү

2023-жылдын 21-февралында турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Өчүрүү району:
• «Мурас-Ордо» конушу саат 9.00дөн 17:00 гө чейин.
• «Калыс- Ордо» конушу саат 9.00дөн 15:00 гө чейин.
Ичүүчү суу «Мурас-Ордо», «Калыс-Ордо» суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт .
«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх