Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР УКМК: Жалал-Абад облусунун 5 тургуну «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун экстремисттик идеологиясынан баш тартышты

Бул адамдар мурда “Хизбут-Тахрир” РСОнун экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны активдүү жайылтышкан

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасындагы диний-экстремисттик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча профилактикалык иш-чаралардын алкагында «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун мүчөлөрүнөн баш тартуу боюнча иш-чаралар улантылууда.

Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын жарандары Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары аталган: 1972-жылы туулган Ю.А.К., 1974-жылы туулган Ч.Х.Т., 1975-жылы туулган М.Р.И., 1976-жылы туулган К.М.М., жана 1994-жылы туулган П.С.А. экстремисттик идеологиядан баш тартышкан. Бул адамдар мурда “Хизбут-Тахрир” РСОнун экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны активдүү жайылтышкан.

Жогорудагы жарандар өздөрү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алышып, жарандарды «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырып, Кыргызстандын аймагында аталган уюмдун ишмердүүлүгүнө жол берилбестигин билдиришти.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун кылмыштуу аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле катарына жаңы шериктерди тартуунун алдын алуу боюнча иш-чаралары улантылууда.

 

УКМКнын басма сөз кыматы

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх