Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарында 18 миллион 700 миң сомдук жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелер мамлекетке кайтарылды

 Буга чейин 1644 чарчы метр жер тилкелери мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ош шаарынын мэриясынын 2002 жана 2004-жылдардагы токтомдору менен 1644 чарчы метр жер тилкелери мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган жер тилкелери боюнча шаардык прокуратура сотко доо арыз менен кайрылып, жыйынтыгында жер тилкелердин укук берүүчү иш кагаздары жараксыз деп табылды.

Натыйжада, прокурордук талаптын негизинде 18 миллион 700 миң сомго бааланган жер тилкелер муниципалдык менчикке кайтарылды.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх